www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Москва облусунда орусиялык философ Александр Дугиндин кызы, журналист жана саясат таануучу Дарья Дугинанын унаасы жарылып кетти. Натыйжада журналист каза болгон. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар жазып чыгышты.
Күбөлөрдүн айтымында, унаа жүрүп бара жатып жарылып кеткен.
«Коммерсант» гезитинин маалыматына караганда, 20-августта Александр Дугин кызы Дарья менен президенттин маданий демилгелер фонду, Москва облусунун Маданият жана туризм министрлиги жана Одинцово шаарынын администрациясы тарабынан колдоого алынган «Салт» патриоттук фестивалына катышты. Иш-чарадан кийин Дугин кызы менен чогуу кетмек болгон, бирок эмнегедир алар ар башка унаалар менен кетишкен.
Алгач окуяга унаанын газ баллонунун жарылуусу себеп болгону айтылса, кийин укук коргоо органдары унаанын астына колго жасалган жардыруучу зат коюлганын айтышкан.
Орусия Федерациясынын Тергөө комитетинин Борбордук аппараты адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.
«20-августта саат 21:00дөр чамасында Одинцово шаарынын аймагындагы жогорку ылдамдыктагы трассада Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаага коюлган жардыруучу зат жарылып, андан кийин унаа жарылып кеткен. Өрт чыкты. Айдоочу окуя болгон жерден каза болгон. Маркумдун өздүгү такталды - бул журналист жана саясат таануучу Дарья Дугина», - деп билдирди тергөө комитети.
Кийинчерээк таанылбаган Донецк Элдик Республикасынын лидери Денис Пушилин Telegram баракчасына Дарья Дугинанын өлүмү үчүн Украинаны айыптаган.
«Украина режиминин террористтери Александр Дугинди өлтүрүүгө аракет кылып, анын кызын машинеде жардырып жиберишти» деп жазган Пушилин
Маалымат үчүн, орус философу Александр Дугин орус аскерлеринин Украинага киришин жана анын дээрлик бардык аймагын басып алууну жактаган.
Дарья Дугина социалдык тармактарда атасынын идеялары менен бөлүшкөн. Атасы менен бирге ал Улуу Британиянын санкция тизмесинде кирген болчу.
Булак: NazarNews.kg