www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу социалдык тармактагы видеотасма тууралуу "NazarNewsка" жооп берди.

— Саламатсызбы Жусуп мырза, сиз тууралуу жеңил-желпи тасмаларды талкуу кылгандарга кандай жооп бересиз?

— Ал тасма менин туулган күнүмдө тартылган. Көп кишилер конокко келген. Ал жерден бир гана Райымбек Матраимовду кайра-кайра жазып жатышат. Ал киши менен жакшы мамиледе экенимди танбаймын. Туулган күндө көптөгөн көрүнүктүү инсандар  деле келген болчу. 

— Тасманы сиз тараттыңызбы?

— Тасманы таратылышы чоң күнөө эмес. Кыргыздар баарыбыз жакшылык-жамандыкта катташып эле жүрөбүз. Мен эмне Кыргызстанда туулган күн өткөргөнгө болбойбу? Экинчиден, мени куттуктап келгендерге сыймыктанамын. Азыркы кезде Райымбек Матраимовдун иштери коомчулукта талкуу болуп жатат. Бир нерсени айта кетейин, Ыдырыс Исаков менен Зияддин Жамалдиновдун бир тууган иниси Нургазы Жамалдинов ынак дос. Зияддин Жамалдиновду кызматтан кетирүү боюнча каршы тургандардын алдыңкы катарына кирем. Бул атайын буйрук аткарганы билинип калды. Анын үстүнө талкууга алынган эски тасма.

— Талкууга алына берген Райымбек Матраимов коркунучтуу фигура эмеспи?

— Эгерде Райымбек Матраимов мыйзам бузуп, мамлекеттин алдында зыян келтирсе сөзсүз жооп берет же жооп бериши керек. Мен кесипкөй адис эмесмин. Матраимовду студент кезден бери тааныймын. Кыргызстанда аз эле калк бар. Баары бири-бирин жакшы билет. Ал кишинин иштерине аралашкан жерим жок.

— Эгерде Матраимов мыйзам бузуп, мамлекеттин алдында зыян келтирсе сөзсүз жооп берет, дедиңиз бул сөздү эмнеге таянып айттыңыз? 

— Мыйзам бузса баардык жарандар жооп берет.

 — Сиз Жогорку Кеңештин депутатысыз, ал кишини илгертен бери тааныймын дедиңиз. Дегеле мыйзам бузган иштерин көрдүңүз беле?

— Жок.

— Матраимовго жеке көз карашыңыз кандай, чын эле өтө начар кишиби?

— Жок, адам катары өтө адамгерчиликтүү инсан катары билемин. 

— Матраимовдун кимдир бирөөнүн байлыктарын тартып алган деп уккансызбы? 

— Жок.

— Бүгүнкү талкууга кандай чекит коё аласыз, элге эмне деп кайрыласыз?

— Элге кайрылдым. Кыргызда той-топур деген болот, жакшылык-жамандык деген бар, карым-катнашты эч ким жокко чыгара албайт.

— Мындан ары Матраимов менен мамилени улантасызбы?

— Эмне үчүн аны менен мамилени токтотушум керек! Бир нерсени мисал кылып кетейин, студент кездеги  бирге окуган досум камалып кеткен экен. Жогорку Кеңештин эл өкүлү катары түрмөлөрдү кыдырып жүрүп, досумду көрүп калдым. Аны менен саламдашпай койсом кандай адам болом. Бул дүйнөдө адамгерчиликтин жазылбаган мыйзамдары бар. Ким кандай болбосун, баарынан адамгерчилик жогору турат. Албетте оор көрүнүш, муну тагдыр дейт. Ары жагында барлар кеп төркүнүн түшүнсө болот.  Бир нерсени баса белгилегим келет, мага депутат катары көп тармактагы адамдар кайрылат.  Алар менен жөнөкөй жаран катары баары менен мамиле кылганга милдеттүүмүн. Депутат катары мамлекеттин саясатын дагы колдоймун. Депутаттык баары убактылуу, адам бойдон калалы.

Эске сала кетсек, бир нече сааттардан кийин ЖК депутаты Алишер Козуев тараган тасма тууралуу үн катып, маек берүүнү убада кылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости