www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 14-ноябрда, Бишкекте Manas Tower 45 комплексинин курулушунун пайдубалына капсула салды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мындай көп кабаттуу комплекс өлкөнүн тарыхында алгачкы ирет курулуп жатат. Аны ишке ашырууга президенттин иш башкармалыгы жана чет элдик инвесторлор катышып жатканы айтылды. Курулушту 2,5-3 жылдын ичинде бүткөрүү пландалууда. Долбоор боюнча, комплекс 45 кабаттуу болуп, анын ичинде беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, жыйындар залы, ресторандар, гипермаркет, 20 миңден ашуун соода аянттары жана жер алдында 600 жеңил автоунаа бата турган гараж болору кошумчаланды.

Президент өлкөдө курулуш тармагы ыкчам өнүгө баштаганын белгилеп, мамлекеттик саясат инвесторлордун ийгиликтүү иштеши үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, жеңилдиктер берилип жатканын кошумчалаган. Мамлекет башчы мейманкана өзүнчө уникалдуу жана таанымал имараттардын бири болорун айтып, анын тегерегине дагы чоң-чоң имараттар куруларын белгилеген. Жапаров, долбоорго ылайык, имараттын эң үстүндө тик учак жана панорама аянтчасы жайгашарын кошумчалаган. Жаңы имарат шаардын түштүк тарабында, Түштүк магистралда жайгашары белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости