www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

И.Арабаев атындагы КМУнун Журналистика бөлүмүнүн 3-курсунун студенттери Гүлнура Салиева менен Жасмин Талантбекова Абу-Дабиде (БАЭ) өтүп жаткан II Дүйнөлүк медиаконгрессине катышып, анда алар конференцияда баяндама жасашат. Ошондой эле ал жерде маалымат продукцияларынын эл аралык көргөзмөсү да өтүп жатат.

Конференциянын катышуучулары тармактын алдында турган эң актуалдуу маселелерди, анын ичинде санариптик байланыш инструменттерин колдонууну, заманбап технологияларды жана инновациялык чечимдерди медиа инфраструктурага интеграциялоону, ошондой эле жасалма интеллекттин медианын ишине тийгизген таасирин талкуулашат. Конференциянын программасында 170тен ашык баяндоолор күтүлүүдө.

Конгресске 172 өлкөдөн 257 медиакомпания катышат.

II Дүйнөлүк медиаконгрессине 5 миңден ашык делегат катышып, алар тажрыйба алмашып, тармактагы акыркы тенденциялар менен тааныша алышат.

Белгилей кетсек, Абу-Дабиде II Дүйнөлүк медиаконгресси үстүбүздөгү жылдын 14-16-ноябрында БАЭ вице-президенти жана вице-премьер-министри шейх Мансур бен Заид Аль Нахайянанын колдоосу астында өтүп жатат. Иш-чаранын уюштуруучулары Абу-Даби улуттук көргөзмө компаниясы ADNEC жана БАЭнин WAM маалымат агенттиги.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости