www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Тажикстанда экстремизм жана терроризм менен күрөшүү, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жана жаш журналисттерди окутуу жаатында иш алып барган 13 коомдук уюмга каржылай колдоо көрсөттү. Бул тууралуу АКШнын Демократияны өнүктүрүү комиссиясы билдирди.
АКШнын Тажикстандагы элчиси Мануэл Микаллер 8-ноябрда грант тапшыруу аземинде гранттар өлкөдөгү демократиялык институттарды өнүктүрүү үчүн берилгенин айтты.
"2000-жылдан бүгүнкү күнгө чейин АКШнын Тажикстандагы демократияны өнүктүрүү комиссиясы чакан гранттар программасынын алкагында өлкөгө 8 миллион долларды түзгөн 475 грант берген. Жыл сайын бул гранттар аркылуу жүздөгөн адамдар окутулат жана колдоого алынат", - деди Микаллер.
Дипломаттын айтымында, бул долбоорлор аялдарга жаңы кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүгө, блоггерлерге кесипкөй журналист болууга, коомчулукка экстремизм жана зордук-зомбулукка каршы күрөшүүгө жардам берет.
Булак: NazarNews.kg