www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кылмышты жашырган деген шек менен кармалган Астанадагы Гастро-борбордун директору эки айга камакка алынды. Бул тууралуу полициядан кабарлашканын казак басылмалары жазып чыкты. 

Тергөө уланууда, башка маалыматтар "тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн" ачыкталган жок. Бир күн мурун “кылмышты жашыруу” жана “кооптуу жагдайда калтыруу” беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон.

11-ноябрда Астананын тергөө соту Казакстандын мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаевди эки айга камоо чечимин чыгарган. Экс-министр жубайы Салтанат Нукенованы өлтүргөн деп шектелүүдө. 31 жаштагы аял катуу ур-токмоктон каза болгон.

Куандык Бишимбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда Экономика министрлигин жетектеген. 2018-жылы ал коррупцияга айыпталып, 10 жылга камалган. Ага Кызылорда айнек заводунун курулушуна бөлүнгөн бир миллиард теңгени кымырып алганы үчүн айып тагылган. 2019-жылы мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости