www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көптөн бери айтылып келе жаткан, бирок эмнегедир өлкө жетекчилери анчейин маани бербей, кайдыгер караган өтө чоң көйгөй бар. Бул Ысык-Көлдүн суусунун жылдан-жылга тартылып баратканы. Тилекке каршы, бийликтин жогорку сересинде отурган төбөлдөр буга көңүл кош мамиле жасашып, баштарын оорута элек. Эгер мындай жоопкерчиликсиз кайдыгер, шалаакы мамиле улана берсе, жакынкы жылдары касиеттүү көзүбүздөн ажырап калуу коркунучу күч. Демек, азыртадан ойлонуп, көлдү сактап калуунунун ар түрдүү жолдорун караштырып, арактет көрүшүбүз милдет. 

Мына Aybek Sarıgul аттуу фейсбук колдоонучусу касиеттүү көлүбүз соолуп баратат деген коңгуроо какты. Бул биринчи, же акыркысы эмес. Мындай кайрылуулар жүздөп саналат. 

Анын айтымында, ал акыркы эки жылда эле көлдүн 25-30 сантиметр бөксөргөнүнө күбө болгон. Ошондо суу жээктен 4-5 метр тартылып кеткен. 

“Былтыр эле суу ушул таштарды көмүп турган. Кантип келечек муундарга касиеттүү мурасты аталардан калгандай кылып өткөрүп беребиз деген санаа түйшөлтүп келет эки жылдан бери.
Буюрса маселени чечүүнүн жолдоруна бел байладык. “Ысык-Көлдү коргоо боюнча эл аралык экологиялык фонду” менен бирге  ишти баштайлы дедик. Проектибиз Ысык-Көл облусундагы  бардык сугат жерлерди 10 жылдын ичинде толугу менен тамчылатып сугаруу жана жаадырып сугаруу системаларына өткөрүү болмокчу”, - деп жазган ал.

Ырасында, жергиликтүү калк көптөн бери Ысык-Көлдүн суу 10 жылга чукул аралыктан бери азайып жатканын, учурда жээктен бир кыйла тартылып кеткенин айтышып, көлдү сактап калуу боюнча коңгуроо кагып келишет.

Мунун чечүү үчүн көлдүн айланасындагы дыйканчылыкты тамчылатып сугарууга өткөрүү керектигин, ошондой эле, жер-жемиш бактарын көп тигип, жашылдандыруу аркылуу нымдуулукту сактоо зарыл экенин белгилешүүдө.

Мындан сырткары, Орто-Токой суу сактагычында топтолгон суудан көлгө буруу жагын дагы колго алуу зарылдыгын, антпесе касиеттүү көлүбүздөн ажырап калуу кооптуулугу жыл өткөн сайын ачык байкалып жатканын сөз кылгандар дагы арбын...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости