www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күндөн-күнгө эл арасында өсүп бараткан "кыжырдануунун" аягы эмне менен бүтөт? Аны бир Жараткан билбесе, эч ким алдын ала айта албайт. Бул тууралуу экс-депутат Жылдызкан Жолдошова Фейсбук баракчасында билдирди.
"Бүгүн окуп калдым, Финансы министри Алмаз Бакетаевтин: "Элибиз Социализмге көнүп калган, баары бекер болсо...салык, коммуналдык төлөмдөрдү төлөгүсү келишпейт", - деген таризде жазган сөздөрүн.
Кечиресиз, Алмаз мырза ким сизге айтты, Социализм мезгилинде баары бекер болгон деп?
Социализм мезгилиндеги бийлик төбөлдөрү өз элин кантип башкарышкан билесизби?
Алгач ар бир жаранынын ден-соолугуна кам көргөн, билимине, жөндөмүнө жараша жумуш орду менен камсыз кылган. Завод, фабрикаларды курушкан, айрыкча айыл-чарба маселесине көңүл бурушкан.
Сиз айткан элине, үй салууга жер бөлүп, о.э. көп кабаттуу үйлөрдү куруп беришкен.
Бирок, ошондо да мекендештерибиз тийешелүү салыгын да, соцфонддун да, коммуналдык төлөмдөрдү да төлөп келишкен... бекер жашоо болгон эмес.
Ооба салыктарды, коммуналдык төлөмдөрдүн баасын да көтөрүп турушкан, бирок элдин "чөнтөгүнө" жараша, аз-аздан.
Азыркы учур менен Социализмдин учуру эмнеси менен айрымаланат? Бай-кедей өтө айрымаланып турчу эмес, "коррупция" деген сөздү уккан эмеспиз, анда мамлекеттик кызматкерлер эле эмес, Президенттеринен баштап "ач көздүк", "суктук", "тойбостук" ж.б. терс көрүнүштөрдү билишкен эмес. Мамлекетине, элине таза кызмат өтөшкөн.
Азыр эмне болуп жатат? Урматтуу, Акылбек Жапаров, өзүңүз баш болуп...кечиресиз , бизде жакырчылык, жумушсуздук күчөп турган мезгилде, "Налоговая реформа" деп бизнести талкалай баштадыңар. Светке, сууга, транспортко ж.б. төлөмдөрдү үстөккө-босток баарын бир мезгилде көтөрөбүз деп жатасыңар. Андай болбойт да, Акылбек Усенбекович. Сизге, Президент Садыр Жапаров "Кудайга" ишенгендей ишенип жатса, ал эми сиз элдин "кыжырына" аябай катуу тийип жатасыз, ал эми "азабын" кайсы Жапаров тартат? Кеп ошондо...
Күндөн-күнгө эл арасында өсүп бараткан "кыжырдануунун" аягы эмне менен бүтөт? Аны бир Жараткан билбесе, эч ким алдын ала айта албайт.
Акылбек Усенбекович, абайлап сүйлөп, жумушсуздукту жок дегенде 50% га жоюп, кымбатчылыкты ооздуктап, элибиздин жашоо шартын жарым-жартылай жакшыртып...андан соң коммуналдык төлөмдөрдү, жолкирелердин баасын көтөрбөйсүңөрбү?
О.э. кайсы тармак болбосун этап-этап менен, "жети өлчөп, бир кесип" реформа жасабайсыңарбы?
Ойлонуп көрүңүз, кеч боло электе менин сунуштарым боюнча, эгер туура көрсөңүз", - деди Жолдошова.
Булак: NazarNews.kg