www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз элине белгилүү саясатчы Жылдызкан Жолдошова акыркы учурларда азыркы бийликте турган тарапташтарына ачуу чындыкты айтып, маселени кабыргасынан коюп жүрөт. Бийликтин социалдык тармактагы тарапташы Бекзат Өмүрбеков буга чейин саясатчы айымды сындап келеген. Ага Жылдызкан Жолдошеванын жообу: 

Кыргыз Элим Өмүрбеков Бекзатка жооп: Бекзат эч качан жалданып арам акчага заказ аткарбай жүр, мен көргөндү сен көрө элексиң!

Чыныгы эркек "грузчик" болуп иштесе дагы үй-бүлөсүн ак эмгеги менен багат.

Ырыңа ыр менен жооп берейин.

Ырыңа жоопту берейин балам,

Тынчысын сенин тынч эмес санааң.

Жылдызым өчпөс мен тирүү кезде,

Жылдыздай бийик, күйүп бир жанам.

 

Ажого айттым акыйкат, чындык,

Болбосун деп эртең бир жаман.

Кошомат кылып тоюушат ашка,

Ток эмес жүрөт сендейлер ачка,

Жалданган жалчы, чындыкты бурат.

 

Жамандап баарын жар салып калкка.

Камандар курчап, казышат орду,

Дайыма буруп шыкактайт солду.

Жугунду ичип семирген сендей,

Көздөрүн байлап, көрсөтпөйт жолду.

 

Баламды айтып, кейидиң Бекзат,

Ал чоң эмес, кичине кызмат.

Убайым тартып таарынган жокмун,

Себеби ошол таарынды деген,

Ал сен жазган, келжирек ушак.

 

Он бир жыл колдоп, кесиптеш болдум,

Тарбия берип, тазасын ойдун.

Чыркырап турдум чындыкты айтып

Тартса да канча азабын тордун.

 

Баш үйрүп баары кеткен бир кезде,

Сатпадым аны жанында болдум,

Ошондо кайда жүрдү элең кыйын,

Жугунду ичкен жугундукорум.

Мен душман эмес Садырга болчу,

Көрсөтүп ага түз, туура, оңду.

Өлкөбүз үчүн күйүп мен айтам,

Баспасын деп баягы жолду, - деп жазган Жылдызкан Жолдошова.

Эске сала кетсек, Бекзат Өмүрбеков, белгилүү саясатчы Жылдызкан Жолдошовага:

Жылдызкан эже! Сизге эмне болду?

Жылдызыңыз өчүп, шилтеп калыпсыз колду.

Жылмайуу менен АЖОну колдоп келдиңиз эле.

Жылуу кептериңизден бердиңиз эле.

Жылмышып артка, сүйлөп калыпсызго оңду-солду?

 

Жапаровго анчалык эмне таарындыңыз?

Жап-жакшы болуп туруп эле жаңылдыңыз.

Жанында колдоп жүрө берсеңиз болмок.

Жаныңыздай көргөн жан балаңызды,

Жаңы жыргаган бир кызматка коймок,

Жарпыңыз жазылып, көөнүңүз тоймок.

 

Уулумду иштен алдың деп,

Убайга мени салдың деп.

Уулумду мен жер каратып,

Ушунча уят болуп калдым деп,

Укаңызга таарынганыңыз билинип калды.

Укаларыңыздын баарын үлкөн ойго салды.

Урматтап сизди сыйлаган элиңиз.

Ушул жолу сиздин ой-максатыңызды билип алды.

Бар болуңуз, барпырап шар болуңуз!

Бакытка жетсин колуңуз! - деп жазган эле...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости