www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунун Нарын районундагы Куланак айылында региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата "Кулатуу Эр таймаш WEF" Эл аралык беттеши өттү. Беттешке кабарчыбыз жеринен барып күбө болуп кайтты. Турнирде Кыргызстандын мушкерлери менен кошуна өлкөлөрдөн келген балбандар күч сынашты. Иш чара "Кулатуу Эр таймаш WEF" федерациясынын Нарын облусундагы президенти Турускулов Жыргалбек Күрүчбековичтин колдоосу менен өттү. Уюштуруучунун айтымында аталган мелдеш экинчи жолу өтүп жатат.
"Өткөн жылы мелдеш Нарын шаарында болгон. Быйыл бул мелдеш Нарын районунун Куланак айылында өтүп жатат. Мен жеке өзүм турнирдин райондун ичинде Эл аралык деңгээлде өтүп жатканына сыймыктанып жатам. Менин демөөрчүүлүгүм астында бул иш чара жыл сайын өтүп турушу керек. Буйруса мындан ары мелдеш салтка айланат", - деди Жыргалбек Турускулов.
Эл аралык деңгээлдеги беттеште балбандар 18 наам үчүн ат салышты.
Жыйынтыгында төмөнкү балбандар атаандаштарын багындырып, жеңишти камсыздашты.
Мырзагелдиев Бекназар 1-раунддун 2:15 секунддунда Таштанбек уулу Канатты жеңсе, Артыкбаев Өмүрбек 1-раунддун 2:16 секундасында Шакирбаева Бахромды муунту жолу менен жеңип алды. Ал эми Сыдыкмаматов Куткелди атаандашы Келдибеков Максатбекти жеңсе, Карабеков Азамат кысып, думуктуруу жолу менен Кочкорбаев Исламды утуп алды. Ашимбаев Алтын ушул эле жол менен 2-раундда Айдынбеков Айдарга намыс берген жок.
Өзбекстандык Нурматов Холмурод кыргызстандык балбан Жумабек уулу Азиреталыны жеңип алды.
Досматов Бекмырза Максатбек уулу Жоомартты жеңсе, Коңурбаев Улан ошол эле кысуу жолу менен 1-раундда Казакстандык Кожанов Эрболго намыс берген жок.
Кыргызстандык Эсенгулов Эдил менен Акмолжоев Максат беттешип, жыйынтыгында Эдил Эсенгулов жеңишке жетти.
Өзбекстандык Нажметдинов Жахонгир 3-раундда Кыргызстандык Аскарбек уулу Нурболотту жеңип алды.
Ал эми Сайтиев Баймурат өзбек балбаны Мирсидиков Ирфасалаңга жеңишти берген жок.
Жаныбек уулу Данияр Убайдуллаев Орозбекти утуп, жеңишти камсыздады. Эмилбеков Улан казак балбаны Сапаргалиев Сержанды жеңди.
Тажикстандык балбан Юсупов Дильшод 1-раундда Мусаев Адилетти утуп алды. Кыргыз балбаны Саякбаев Ринат 1-раундда накаут жолу менен тажик балбаны Холбой Эмомалини утту. Казакстандык Шукатаев Эрасыл Кыргызстардык Алманбет Нусраттилланы жеңип алды.
Таалайбек уулу Адис Семетеев Нурсатты жеңип, жеңүүчү аталды. Бул иш чарага ЖК төрагасы баш болгон бир топ Жогорку Кеңештин депутаттары дагы катышып, күбө болушту.
Булак: NazarNews.kg