www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл президенттик шайлоодо эң биринчи орунду алган Арстан Алай, бирок арт жагынан санаганда. 2011-жылдагы президенттик шайлоого катышууга умтулган 90 талапкердин орто жоону боло турган. Эмнегедир, анын «Зима не будет» деп айткан көзү ачыктыгы арткы орундарга сүрүп баратат. Быйыл да жаз жаркырап эрте келди. Жаадыраган жазда көйнөк кийип жүрө баштагандар болгон. Учурда өзүн «кудай» жарыялаган Арстан Алайдын «Зима не будет»  дегенине ишенгендер кышкы кийимдерин эмки кышта кийиш үчүн  сандык, чемоданга салышып, жайкы жеңил-желпи кийимдерин кийишип, суукка камдары жок эле. Капыстан аба-ырайы өзгөрүлүп, жамгыр карга айланып, айлана-тегеректи муздак шамал бөлөп, кышкы ызгаар кирип келди. Сандык, чемоданга салынган кышкы кийимдерди эл-журт кайрадан алып чыгууга дуушар болду. Бир гана БОМЖдарга жаман болду, алардын сандык, чемодандары жок, күн жылыр менен кышкы кийимдерин ыргытып жиберишкен, кыштын ызгаар суугунда жылуу кийимдери менен аман-эсен чыгышкан булардын канчасы Арстан Алайдын кереметтүү «Зима не будет» деген сөзүнө ишенип, тоңуп калышты экен. Муну бир билсе Асан Кайгы билет.

Анын айткандарына саресеп салып көрөлү:

1.“Кыргыздардын мамлекет башына жашы кырктарда, өңү байыркы кыргыздардай сары жигит келет”. Балким Сапар Исаковду айткандыр, бирок ким бийлик башына келгенин жакшы билебиз.

2.“Коронавирус кыргыздарга келбейт”-деген. Бирок туура бир жыл мурун коронавирус кыргыз элин аралап өткөнүн билебиз.

3.“Атамбаев теңир жараткан улуу адам, ошондуктан ал эч качан камалбайт”.

Азиз Батукаевди качырган кылмыш иштери боюнча Атамбаев камакта отурат. Кой-Таштагы козголгон кылмыш иштери боюнча анын мойнуна дагы кылмыш иштери жүктөлүшү мүмкүн.

4. “Жаз келди, мындан ары күн жылыйт, чөбүңөрдү сата берсеңер болот”. Аны уккан кээ бир кыргыздар арткан-үрткөн чөп-чарын болбогон акчаларга сатып жиберишип дым отуруп калышат. “Эсепчини жут алат” болуп жаз келер менен катаал суук башталып, кыргыз элинде болуп көрбөгөн жут башталат. Арстан Алайдын сөзүн чын көрүп чөп-чарын сатып ийгендер, мал-салын бүт кырып аны каргап-шилеп жатып калышат. Чөп-чардын наркы өсүп, Тогуз-Торо, Суусамыр, Чаткал, Ат-Башы сыяктуу алыскы жерлерде жут болуп, аларга алыстан чөп ташып убара болушкан. Күн жылыганда арзыбаган акчага түшүп калган чөптүн баасы асмандап кетет. Мамлекет көмөк көрсөтүп Чүйдөн, Казакстандан  чөп тартышып, тоолуу аймактардан кээ бир малдарды эптеп сактап калат. Эл ага “Зима не будет” деп жалганчылыгыгы үчүн какшык ат беришкен.

Деги эле көзү ачык, экстрансенс  Арстан Алайдын көктү карап айткан сөздөрүнүн көбү жалган чыгат. Анда неге ал айтымчы болуп алган?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости