www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалпы дүйнөдө тенденция ушундайбы, же биздин Кыргызстанда эле ошондойбу, айтор коомдо деградация катуу жүрүп жатат. Сабатсыздык өөрчүп, диний түркөйлүк кулачын жайып, айланаңдын баары агрессия. 

Ошонунун айынан уламбы, зөөкүрлүк, зомбулук, мыйзамсыздык барган сайын кадимкидей эле көрүнүшкө айланып баратат. Өзгөлөр эмне болсо ошол болсун, кара башым соо болсун деген өзүмчүлдүк, бирөөнү бирөө союп жатса да көңүл бурбаган кайдыгерлик каптады. Коом бузулууда. Абийир, мораль түккө турбай калды. 

Коомубуздагы мындай чириген жагдай башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кечээ Жогорку Кеңеште берген отчётунда дагы айкын көрүндү. 

Башкы прокурор отчётунда: 

– 2022-жылы өлкө боюнча 9 880 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Тактап айтканда үй-бүлөлүк зомбулуктан 8225 аял, 290 эркек жабыр тарткан, аларды ичинен 210ну өспүрүмдөр. (210 жашы жете элек балдардын 88 эркек, 122 кыздар).

Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамына ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга 8 725 коргоо ордери берилген жана 190 коргоо ордеринин мөөнөтү узартылган.

Үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча 181 кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынтыгы менен 82 иш соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Ал эми 63 кылмыш иши жарашуу негиздери менен өндүрүштөн кыскартылган, 36 иш тергөө стадиясында турат, – деген коңгуроо какты.

Мына биздин деградация болгон коомдун жүзү. Өлкөбүздүн абалы кандай чекке жетип калды. Бул көрүнүшкө азыртадан маани берип, агартуучулук жаатында кечиктирилгис кадамдарга барып, билим берүү тармагын күчтөп, тез арада, ыкчам иштерди жүргүзбөсөк улут катары тамырыбызга доо кетип, өзөгүбүз чиригени калыптыр. Ойлонолу, ойгонолу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости