www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматкери Элдияр Жайлообеков каза болду. Маркумдун туугандары кокустук тууралуу версияны четке кагууда.

Өзүн маркумдун таежеси деп тааныштырган Индира Рысалиева жоокер эч нерсеге даттанбаганын, болгону, бир номурга бирдик жүктөп коюуну гана суранып турганын, ал өзүн өзү атып алды деген версияга макул эмес экенин айтты.

Анын айтымында, 4-июлга караган түнү саат 12.00де бала апасы менен телефон аркылуу “жакшынакай сүйлөшкөнүн” айткан Рысалиева каргашалуу окуя ошондон эки саат өтүп катталганын билдирди.

– Мен коркуп кире алган жокмун. Инилерим кирди. Ээгинде бир октун жана чекесинде бир октун изи бар экен дешти. Башында артынан чыккан октор бар экен, төбөсүнөн жана капталыраак жеринен. Демек, эки ок ошого эле тийген. Эки гильза жөн жаткан жок да ал жерде. Кокустуктан ок чыгарып алган деп жатышыптыр. Бир атса, мейли, ишенесиң. А экинчи жолу атты дегенге кантип ишенесиң?, – деди ал.

Мындай факт болгонун  Коргоо министрлиги тастыктаган. Алардын маалыматына ылайык, Кой-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматкери түнкүсүн ал постто кароолчу болуп турган. Куралга этиятсыз мамиле кылуунун натыйжасында кокусунан ок чыгарып, алган жараатынан ошол жерден каза болгон.

Жоокер Түп райондук аскер комиссариаты тарабынан чакырылган. Өзгөчө кырдаал бүгүн саат 02.00дөр чамасында болгону айтылууда.

Кой-Таштагы аскер бөлүктүн командири Алтынбек Тынаев жоокер Жайлообековдун өлүмү тууралуу айтып, жоокердин жанынан эки гильза табылганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости