www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракалпакстандагы демонстрацияларда 18 адам набыт болду. Бул тууралуу Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү билдирди.

«Учурда аныкталган фактылар боюнча массалык баш аламандыктын кесепетинен жалпысынан 243 адам, анын ичинде 38 укук коргоо органдарынын кызматкерлери ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Оор жаракаттардан улам 18 жаран каза болгон», - деди ВПнын өкүлү.

Маалыматка ылайык, Каракалпакстанда 1-2-июль күндөрү болгон массалык баш аламандыктын кесепетинен ар кандай жаракаттарды алган 243 жаран ооруканаларга жеткирилген. Алардын 149уна биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, үй шартында дарылоону улантууга уруксат берилген.

Учурда жалпысынан 94 бейтап ооруканаларда дарыланып, айрымдарынын абалы оор. Жаракат алгандардын арасында укук коргоо органдарынын кызматкерлери да бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости