www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Альп тоолорунун Италия тарабындагы Мармолада дөңсөөсүндө бир муздун кулашынын натыйжасында алгачкы аныктамалар боюнча 6 киши каза болду.

Италиянын ANSA агенттигинин кабарына караганда, өлкөнүн түндүк-чыгышынан өткөн Альп тоосунун Мармолада аймагында чоң муз кулап түшкөн.

Аймакта башталган издөө-куткаруу иштерине катышкан топтордун алгачкы аныктамаларына караганда, окуя болгон учурда тоодо болгон альпинисттердин 6су каза болуп, 1и оор абалда, 8 киши жараланды.

Окуяда дагы 10го жакын адамдын дайынсыз жоголгондугу, издөө-куткаруу иштери уланып жатканы маалымдалды.

Издөө-куткаруу иштерине 5 тик учактын колдоо көрсөткөнү белгиленди.

Басма сөздө орун алган кабарда Италиянын бир канча убакыттан бери өтө ысык аба ырайы жана кургакчылыктын таасиринде болгону белгиленип, кечээ Мармолада дөңсөөсүндө аба температурасынын 10 градус менен эң жогорку чекке жеткени белгиленди.

Мармоладанын чокусунда жайгашкан мөңгү «Италиядагы эң чоң мөңгүлөрдүн бири» катары белгилүү. Италиянын Падова университетинин илимпоздору 2020-жылдын сентябрь айында жасаган билдирүүсүндө Мармолададагы муз массасынын 15 жылдын ичинде жок болушу мүмкүн экенин эскертишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости