www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда гендердик теңсиздик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга маалыматтык колдоо көрсөтө турган 117 кыска номурун иштетүүчү операторлорду даярдоо башталды.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги кабарлады.
117 номуру аталган министрликтин карамагында иштеп, турмуштук абалы оор жана үй-бүлө зомбулугунан жабыр тарткандарга укуктук, маалыматтык жардам берүүгө багытталат.
Ыкчам номурду иштетүүнү өлкөдөгү Кризистик борборлор биримдиги демилгелеп, Бириккен Улуттар Уюму жана Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин каржылоосу менен ишке ашууда.
Операторлор азыркы тапта психологиялык кеңеш берүү, суроо-жооп диалогду түзүү, маалыматтык колдоо көрсөтүү жаатында билим алышууда.
Булак: NazarNews.kg