www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Райондук сотто мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге каршы берилген айрым көрсөтмөлөр шаардык сотто өзгөрүлүп айтылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда анын жубайы Зульфия Зилалиева журналисттерге билдирди.

«Күбөлөрдүн көбүн психологиялык басым менен суракка алышканы белгилүү болуп жатат. Көп күбөлөр мурда берген көрсөтмөсүн менин күйөөмдүн пайдасына өзгөртүп айтып жатышат. Бул иш жалаң фальсификация жана менин күйөөмдү атайылап каралоо аракети экени айкын болууда», - деди ал.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алган деген жүйө менен «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын тергөө абагында кармалып турат.

2018-жылдын 18-октябрында Зилалиев дагы бир иш боюнча шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыратылган болчу. Анда Зилалиевге карата Жазык кодексинин «Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу» беренесинин негизинде иш козголгон.

Зилалиев айыптарды четке кагып, мыйзамсыз камалганын айтып келет.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 5-октябрындагы өкүмү менен Зилалиев «Мыйзамсыз баюу» деген берене боюнча жети жылга эркинен ажыратылган. Буга чейинки жазаны жарым-жартылай кошуу менен анын абак мөөнөтү жалпысынан тогуз жыл деп чегерилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости