www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 5-февралда башкы прокурор Курманкул Зулушевдин катышуусунда маалымат жыйыны өттү.

Анын жүрүшүндө журналист октябрдагы окуяларда экс-президент Сооронбай Жээнбековдун белгисиз бирөө менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү интернетке тараганын, белгисиз адам Зулушев деп айтылгынын билдирип, анын чын-төгүнүн башкы прокурор Зулушевдин өзүнөн тактады.

«Депутат менен сүйлөшкөндүгү чындыгында чыккан. Бирок ал мен эмес. Биринчи күнү эле Зулушев менен сүйлөшкөн деп чыккан. А кийин баарына эле белгилүү болгон ким экендиги. Эми мен ал саясатчынын фамилиясын атабайын. Интернетте бар, кайрадан уксаңыздар, ким экенин билесиздер. Ал депутат», - деди Зулушев.

Ал бул факт боюнча кылмыш иши козголбогонун билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости