www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мен кичинекей кезимде үй-бүлөбүз менен автокырсыкка учураганбыз. Бир бутумдун сөөктөрү бычырап сынып, ошол күндөрден бери бутумдун азабын тартып, сылтып-сылтып гана эмес ийрелеңдеп басам. Көчөгө чыкканда артымдагы адамдардын шылдыңдай караганын, ал гана эмес ачык эле күлгөндөрүн да эшитип калам. Ошондуктан таптакыр үйдөн чыкпайм. Жашым болсо отузга жакындап калды. Эч жакта иштебей, ага-жеңемдин таап келгени менен гана күн өткөрөм. Апам болсо тапкан-ташыганын, пенсиясын мага коротуп, каалаган кийим-кечемди алып берип, көзүмдү караганы караган.
Бир ирет агам экөө мен үчүн кыжылдашып жатканын эшитип калдым. «Кызыңдын аракети жок. Эми отузга чыгайын деп калды. Өзүнө иш караштырып аракет кылбайбы» деп, дагы көп сөздөрдү айтты. Апам болсо мени коргоп чебелектейт.
Агам-жеңемдин көз карашынан жек көргөндөрүн, тамак-ашка болгон кызганычтарын байкап, күн санап бул үй мага жат болуп баратат. Бир гана апамды аяйм. Болбосо бул жарык дүйнө мага кызыксыз. «Апа, сиз өлбөңүз! Эгер өлүп калсаңыз эртеси мен да артыңыздан барам! дейм. Апамды тирүүлөй азапка салган бир бактысыз болдум.
Булак: АЗИЯnews