www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик мекеменин мурдагы директору 26,8 миллион сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирди деп шек саналып кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал былтыр кызматта турган учурда чет элдик фармацевтикалык компания менен 1,3 миллион долларга дары-дармек жана медициналык жабдыктарды сатып алуу боюнча келишим түзгөн.
Бирок бул дары-дармектер бажы алымдарын төлөбөстөн өлкөгө киргизилип, кийинчерээк кымбаттатылган баада саламаттыкты сактоо мекемелерине сатылган.
Мындан тышкары, муктаждык болбогон учурда да онкологиялык ооруларга каршы кымбат препараттар сатып алынган, бирок алар сапат боюнча сертификаттан өтпөй, колдонууга жараксыз деп табылган.
Министрлик билдиргендей, мурдагы директор кампадан кымбат дарыларды уруксат кагазы жок эле чыгарып кеткен учурлар да аныкталган.
Учурда бул факты боюнча тергөө иштери улантылууда.