www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2023-жылдын 1-апрелинен тартып Министрлер кабинетинин ОСАГО полиси боюнча токтому күчүнө кирет.
Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, бул жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган органга транспорт каражаттарын милдеттүү түрдө камсыздандырбаган айдоочуларга чара көрүүгө жол ачат. Полиси жок айдоочулар 3000 сом айып пулга жыгылат.
«Өлкөдө 2015-жылдан бери «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандыкукуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамы иштейт (2016-жылы 7-февралда күчүнө кирген). Бирок бүгүнкүгө чейин аталган мыйзам объективдүү жана субъективдүү себептерден улам колдонулбай келген», - дейт министрлик.
Булак: NazarNews.kg