www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Укук талаасындагы талыкпаган эмгегинин натыйжасында элдин батасын алып жүргөн Адүкүн байке. Жакында анын жандосу Талант Калчаев «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген экономисти» наамына татыды . Талант байке бул наамга татыктуу адам, бирок жалгыз эле наамды албай Адүкүн досун сүйрөй кетсе деле туура болот «КРнын Эмгек сиңирген юристи» деп. Анткени, бул менен курбу-курдаштардан Талант байкеден кийинки эле Адүкүн байке. «Ачыла элек сандыкта, бычыла элек кундуз» - бар дейт. Саясий интригалар быкшып турганда, кыргыз элине жаңы кереметти, экономикалык доордун ачкычын тартуулаган Адүкүн байке «ачыла элек сандыктай»!
«Шанхайдын бир көчөсүндөй» алакандай Ала-Тоо эли Адүкүн байкедей адамдардын аркасы менен юридиканы «бышырганыбыз» менен, саясат самсаалап келип юридиканын да дал өзүнө минип алат. Мен ушул жерден Адүкүн байкеге бир токтоло кетейин бул кишинин алтын башында санжыра уялап турат. Бир жолу айтып атат кар жааса эле Эсенбай казанын көтөрүп кардын канча жаагананын ченеп калчу деп. Бардыгы бир тең болду казанын көтөргөн бир тең болду. Көрсө ал жерге казанын көтөоүп алып тамак жасабайт экен. Казан, мискей менен ченесе керек.
Ушундай оор сыноолордо өзүн патриотмун деп эсептеген кыргыз жигиттери мекени үчүн туруп, өз иштерин илгерилете берет. Ал эми Александр Машкевич сыяктуу башка улуттун өкүлдөрү «Күн тийген жердин күкүктөрүнө» айланышып, бизнеси жеңил аймактарга учуп кетишет. Кыргыз эли байыртадан он эки циклдүү сырларга баш ийип келишкен. Биздин өмүрүбүздө ар кандай жаныбарлар менен белгиленген он эки мүчөл жылыбыз бар, жыл дагы он эки айга бөлүнгөн, ал эми күн да, түн да он эки сааттан турат. Ушул сыңары ойлоп көрсөк Адүкүн байкенин да жакшы касиети бар окшойт.
Адүкүн байке мыкты юристке жугумдуу бардык жакшы сапаттардын ээси жана жөпжөнөкөй чыныгы лидер, ошол себептүү ага ар бир адам магниттей тартылып турат да, накта кожоюнун тапкандай кудуңдап жүрөт. «Камырдан караңгыда көз таап, кылды сууруп алган» Адүкүн байкенин жол башчылык жөндөмдүүлүгү, уюштуруучулук таланты зор. Байыркылардын да сырын билет. Анын Эсенбаев Келдибек тууралуу айткандары жомокко айланууда. Чынында эле Келдибек атасы Эсенбайга тете билген экен. Муну Каройдо эгин айдап жатканда Момуш аксакал ырастаптыр. Ал кезде Келдибек башкарма болуп эгин айдатып жатып, түшкө чейин айдаганыңар чыгат, түштөн кийин айдаганыңар чыкпай калат деген экен.
Адүкүн байкенин алдыны көрө билип, өзүнө талапты катуу койот. Ал юрист катары кайсы жерде иштебесин тазалыкка, тартипке өзгөчө басым жасап, элдин энчисине сарамжалдуулук менен мамиле кылат. Мындай сапаттар беш бармагын тең матырган «алкы бузуктар» үчүн жетишпей турат. Адүкүн байкенин алкы бузук аксылык Назаркул Жоошбаев деген бажасы бар. Чындыгына келсек алкы деле анчалык бузук эмес, кез-кезде эле бозодон аптыга согуп койбосо.
Кыргыз элинде, кыргыз жеринде төрөлүү өзү эле керемет! Илгери оозеки эпосубузда Манас баатырыбыз Бээжиндин «солк» этпеген дубалдарын, дубанды жарып чуу менен кирип барса, эмки заманда Адүкүн баатырыбыз укук жаатында Кытайдын да оозун ачырган. Чечкиндүү кадамдар гана мамлекетти «баткактан» алып чыгары талашсыз. Адүкүн байкенин тобокелге бел байлап чечкиндүү кадамдарга барып жатканы өз үзүрүн бербей койгон жок. «Лед тронулся» - деп койот орустар,
Адүкүн байкенин үй-бүлөдө кадыр-баркы жогору. Аны бир гана үй-бүлөсү эмес, кыргыз эли кадырлап турат. Аны эли дайыма колдоп келишет.
Дөөтүнүн отуз баласы болуптур дечү атам, жараткан отузун бирдей бир күнү жайлаптыр. Дөөтү кайгырып отурса, добуш угалат: “Отуз уул берейинби, же отуз уулга тете бир уул берейинби?” деп. Ошентип, отуз уулдун ордуна Сулайман пайгамбар келиптир. Жан-жаныбардын тилин билген Сулайман пайгамбар тууралу икая. Бир үкүгө бир топ суроо берип, ааламды кыдыртып жиберет. Үкү ага жооп алып келет. Ошол мезгилде атасы Дөөтү сурап калат:
-Ааламда эркек көппү же аял көппү?- деп.
- Ааламда аял көп экен, аялынын сөзү менен иш кылган эркектер да аял, жалган сүйлөгөн эркектер да аял, мекенин коргобогонду да аял деп аларга коштум.
-Ааламда тирүү көп бекен же өлүкпү?
- Өлүк көп экен. Күн чыккандан кийин уктагандарды да өлгөндөрдүн катарына кошуп койдум.
-Ааламда курулган үйлөр көп бекен же бузулгандарбы?
-Бузулгандар, жапжаңы курулуп, бирок колунда барлардан башка эч ким жашабаган хансарайларын бузулгандардын катарына коштум.- дейт.
-Ааламда эки нерсе бар, анын бири болбосо, экинчисинен эч нерсе пайда болбос, бул эки нерсе эмне?
-Адамдын чырай келбети келишип, бирок, акылы жок болсо көпчүлүктүн көзүнө жаман көрүнөрү бышык жана чырай келбетинен эч пайда болбойт. Адамдын дүнүйөсү болуп туруп, башкаларга кайрымдуулук кылбаса, анын дүйнөсүнөн эч пайда болбос. Андан дубалдын түбүндө жаткан кандек күчүктөн пайда көбүрөөк болот.- деп жооп берет Сулайман пайгамбар.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg