www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-майга карата өлкөдөгү стационарларда 244 бейтап коронавируска каршы дарыланып жатат. Бул күнгө карата аймактардагы стационарлардагы статистика кандай болуп жатканы тууралуу маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтынан алынды.

Бишкек жана Чүйдө жалпысынан 249 жарандан коронавирус аныкталган. Анын 120сы айыгып, ооруканадан чыгарылса, дагы экөө (бири Бишкекте, экинчиси Чүйдө) каза болду. Калган 127 бейтап дарылануусун улантып жатат.

Ош облусу жана Ош шаары боюнча жалпы 277. Анын ичинен 129 бейтап облустагы стационарларга жаткырылып, бүгүнкү күндө 112си айыкты. Дагы үчөө каза болду. Учурда 14 бейтап (Ноокат аймактык ооруканасында 4, Кара-Суудагы аймактык ооруканада 5, Өзгөндөгү аймактык ооруканада 5) стационарларда калууда.

Ош шаарында 148. Анын 98и илдеттен арылса, дагы үчөө каза болду. Стационарларда калгандар 47 (Ош шаардык клиникалык ооруканасында 35, облустар аралык биргелешкен клиникалык ооруканасында 12).

Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 114. Бүгүнкү күндө анын 102си айыгып, 12 бейтап стационарларда калууда. (Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында 7, Ала-Бука райондук аймактык ооруканасында 2, Сузак райондук аймактык ооруканасында 2, Тогуз-Тородогу дарыгерлер борборунда 1).

Нарында жалпы 96. Анын ичинен 57 жаран сакайып, 39 бейтап дарылануусун улантып жатат. (Нарын облустук ооруканасында 6, Кочкор райондук аймактык ооруканасында 2, Жумгал райондук аймактык ооруканасында 3, Ат-Башы районундагы аймактык ооруканасында 28).

Ысык-Көлдө жалпы 10. Анын 9у оорудан айыгып, медициналык жайдан чыгарылса, 1 бейтап Балыкчы шаарындагы аймактык ооруканада дарылануусун улантууда.

Баткен облусунда жалпы 10. Анын ичинен 6 жаран айыгып, үйлөрүнө чыгарылса, Кадамжай районундагы аймактык ооруканасында 4 бейтап дарыланып жатат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, стационарлар айрым аймактарда (район, айыл) түзүлгөн эмес. Бейтаптын абалы оорлошуп кетсе, шарты жакшы стационарга которулат. Мындан улам оорулуу жаран айыкканда кайсы аймактын ооруканасынан чыккан болсо, ошол аймактын статистикасына кошулуп, баланча аймактан мынча бейтап айыкты деп эсептелет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости