www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

102 адам Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылды

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Жарандык боюнча комиссиясынын сунушун эске алып, Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана чыгаруу жөнүндө үч Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын президентинин 2 Жарлыгы 548 адамды (399 – чоң киши жана 149 – бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө, алардын көпчүлүгүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар түзөт.

Кыргыз Республикасынын президентинин 1 Жарлыгы менен 102 адамды (83 – чоң киши жана 19 – бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө. Бардыгы болуп 650 адам (482 – чоң киши жана 168– бала).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости