www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

117 миңден ашык бала биринчи класска катталды

Кыргызстанда 117 миңден ашык бала биринчи класска катталды. Мындай маалымат 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда камтылган.

Бишкекте 23 миңге жакын бала окууга кирди. Алардын ичинен 12 миң орун кыргыз тилинде окуткан класстарга, 10,8 миңден ашыгы орус тилиндеги класстарга таандык. Борбор калаада 3,5 миң орун бош турат.

Республика боюнча 2026/2027-окуу жылына каралган квоталардын жалпы саны — 192,3 миң. Анын ичинен дагы 76 миң орун бош.

Биринчи класска электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Биринчи этап кичи райондор боюнча жүргүзүлгөн, ал эми учурда катталган дареги боюнча эмес, бош орундары калган мектептерге гана катталууга болот.

Биринчи класска 2019 — жана 2020-жылдары туулган балдар кабыл алынат.

Последние новости