www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Соңку күндөрү кыргыз алфавитиндеги “е, ё, ю, я, ц, щ, ь, ъ э” тамгаларын алып салуу маселесин тилчи окумуштуулар талкуулап жатат. Бирок кыргыз тилинин орфографиясына өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында, алфавиттен айрым тамгаларды алып салуу демилгеси коомдо кескин сынга алынды.
Чынында тамганы өзгөртүү “улуттун аң-сезимин кайра программалоо”, “маданий мурастан ажырата” турган кеспеттерге алып келет. Ошол эле учурда экономикалык жактан дагы терс таасирин тийгизет.
Ооба, жазуу системасы билимге, маалыматка жетүүгө таасир этет. Андыктан учурдагы алфавит менен жазылган эчендеген илимий, документалдык, тарыхый, көркөм, маданий мурастарды келечек муун окуй албай калат. Ал эми аларды өзгөртүлгөн алфавит менен кайра басып чыгаруу зарылдыгы миллиарддаган каражатты талап кылат. Чыгым өтө чоң. Ошондо дагы баарын басып чыгаруу мүмкүн эмес. Демек, эчендеген руханий-маданий, илимий, тарыхый, көркөм, документалдык мурастар архивде тарых таштандысы болуп калбоого тийиш.
Мына буга чейинки араб, латын, кийин криллицага өтүүнүн натыйжасында мурунку эмгектерди азыркы муун окуй албай калышты. Эми ушул катаны кайра кайталоонун эмне зарылдыгы бар? Өткөндөн сабак алуу бизде караманча жок.
Кандай гана тил реформасы болбосун, аны сунуштагандар өзгөртүүлөрдүн маңызы калкка, өлкөгө илимий-практикалык жана социалдык, маданий жактан кандай жарыгын тийгизе турганын ынанымдуу аргумент менен бекемдеп бириши керек. Бул жагдай курулай эле уйкудан тура калып, көздү ушалап чылпагын алам дегендей маселе эмес. Себеби чылпагын алам деп көзүн чукуп алгандай абал жаралбашы шарт.
Ырасында, тил маселеси улуттук коопсуздук деңгээлиндеги маанилүү тема. Андыктан тилди реформа кылууда, тил илимине жана коомдук кызыкчылыкка таянган аргументтер үстөм болушу абзел. Мына бир эле «Э, э» тамгасын алалы. Мындай өзгөртүү тилдин фонетикалык өзгөчөлүгүнө зыян келтирет. Окурманга ыңгайсыздык жаратат. Орфографиялык башаламандыкка алып келет.
Мындан сырткары, алфавитти өзгөртүү билим берүү тармагына да олуттуу жүк жаратат. Бардык окуу китептерин, сөздүктөрдү, окуу программаларын, расмий документтерди, электрондук маалымат базаларын жана мамлекеттик стандарттарды кайра даярдоо зарыл болот. Бул ири финансылык чыгымдарды гана эмес, көп жылдык уюштуруучулук иштерди талап кылат. Мындай чыгымдардын ордуна билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, мугалимдерди даярдоого, китепканаларды байытууга же санариптик билим берүү ресурстарын өнүктүрүүгө инвестиция салуу алда канча пайдалуу болмок.
Тилди реформалоо – бул жөн гана алфавиттеги айрым тамгаларды алып салуу же кошуу эмес. Бул улуттун тарыхый эс тутумуна, билим берүү системасына, маданий мурасына жана келечектеги өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир эткен стратегиялык чечим. Ошондуктан мындай кадамдар шашылыш эмес, ар тараптуу илимий негизделген изилдөөлөрдүн, коомдук талкуулардын жана узак мөөнөттүү мамлекеттик саясаттын негизинде гана кабыл алынышы зарыл. Ар бир сунуштун илимий негиздемеси, социалдык пайдасы жана экономикалык натыйжалуулугу так эсептелүүгө тийиш.
Улуттук тил – мамлекеттин эгемендүүлүгүнүн, улуттун аң-сезиминин жана маданий өз алдынчалыгынын негизги тиреги. Аны өнүктүрүүнүн эң туура жолу – алфавитти өзгөртүү эмес, тилдин колдонулуу чөйрөсүн кеңейтүү, мамлекеттик тилде сапаттуу илимди, технологияны, санариптик платформаларды, көркөм адабиятты жана билим берүү ресурстарын көбөйтүү. Тил ошондо гана күчтүү болот.
Алмазбек Темирбек