www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда 2026-жылдын 12-августунда Жер тартылуу күчүн 7 секундга жоготуп, адамдар жана буюмдар абага көтөрүлөт деген маалымат тарап жатат. Ошондой эле бул көрүнүштү НАСАнын «Project Anchor» аттуу жашыруун долбоору менен байланыштырышууда.
Бирок бул маалыматтын илимий далили жок. НАСАга шилтеме жасаган фактчек изилдөөлөрүндө Жердин тартылуу күчүн убактылуу өчүрө турган мындай долбоор же механизм тууралуу эч кандай далил табылган эмес.
12-августта чындыгында маанилүү астрономиялык окуя катары толук Күн тутулуу болот. Ал Гренландия, Исландия, Орусиянын түндүгү, Атлантика океаны, Испания жана Португалиянын айрым аймактарынан көрүнөт.
Адистердин маалыматына ылайык, Күн тутулуу учурунда Жердин тартылуу күчү жоголбойт. Демек, адамдардын 7 секундга абага көтөрүлүшү тууралуу маалымат — илимий негизге ээ эмес жалган маалымат.