www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде аңчылык чарбаларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жана аңчылык чарбасын өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Кеңешмеге министрликтин аймактык башкармалыктарынын, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, Ветеринардык кызматтын, Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун өкүлдөрү жана аңчылык чарбаларынын жетекчилери катышты.
Жыйында аңчылык жаныбарларынын санын эсепке алуу системасын жакшыртуу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, браконьерликке каршы күрөштү күчөтүү жана мамлекеттик көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери каралды.
Ошондой эле жапайы жаныбарлар арасында оорулардын алдын алуу жана аларга мониторинг жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Кеңешмеде республикадагы бардык аңчылык чарбаларына SMART системасын жана «Мерген» автоматташтырылган маалыматтык системасын этап-этабы менен киргизүү чечими кабыл алынды.
Министрликтин маалыматына ылайык, санариптик системалар жаныбарларды эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү иштерин жакшыртып, аңчылык чарбаларынын ишмердигине көзөмөлдү күчөтүүгө жана маалымат алмашууну тездетүүгө мүмкүндүк берет.
Жыйынтыгында аңчылык чарбаларынын ишин өркүндөтүүгө, жаныбарлар дүйнөсүн коргоону күчөтүүгө жана мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган бир катар чараларды камтыган резолюция кабыл алынды.