www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Шымкент шаарында өспүрүм кыз куткаруучулар келгенге чейин күйүп жаткан үйдөн инилерин куткарып калган. Бул тууралуу OTYRAR басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, кырсык өткөн жума күнү кечинде Кайнарбулак дачасында болгон. Ата-энелер балдарын жаткырып, өздөрү кошуна үйгө сүт алып келүү үчүн кетишкен.

Кыз өрттү креслодо от жалындай баштаганда байкаган. Ал өрттү өчүрүүгө аракет кылган, бирок жалын өтө күчтүү болгондукутан, аракетинен майнап чыккан эмес. Бул бөлмөдө анын бир жашар эгиз бир туугандары уктап жатышкан. Кыз көпкө ойлонбостон эгиздердин бирин алып көчөгө чыккан. Андан соң кыз коркуу сезимин жеңип, алоолонгон үйгө кайтып келип, экинчи инисин алып чыккан.

Өрт куткаруучулар келгенге чейин эле кошуналар тарабынан өчүрүлгөн. Балдардын апасы Мариянын айтымында, эгер өрт газ баллону турган жуунучу бөлмөгө жеткенде үй жарылып кетмек. Өрттүн келип чыгышына кондиционердеги зымдардагы кыска туташуулар себеп болушу мүмкүн.

"Өрт кырсыгынан жабыркаган үй-бүлөгө камкор жигит өз ыктыяры менен жардам берген. Үч балалуу үй-бүлөгө убактылуу турак-жай жана тамак-аш берилди. Учурда кыз жана анын инилери аман-эсен, ата-энеси күйүп кеткен үйдү калыбына келтирүүгө аракет кылып жатышат. Алдыда капиталдык оңдоп-түзөө жана керектүү нерселердин бардыгын сатып алуу турат, алынган мүлктүн дээрлик бардыгы өрттөнүп кеткен", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости