www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - “Вефа” соода борборундагы өрттүн себеби айтылды

“Вефа” соода борборундагы коомдук тамактануучу жайдагы ашыкча жыттарды соруп алып, абаны тазалап туруучу системасы түтөп кетти. Бирок жалын чыкпаганын соода борбордун администрациясынан билдиришти.

Буга чейин имараттын үстүнөн коюу түтүн чыгып жаткан видео тарап, күбөлөр фуд-корттогу кафелердин бири күйүп жатканын айтышкан.

"Убакыттын өтүшү менен аба түтүгүнө чаң чогулат. Система анын бардыгын бир учурда соруп чыккандыктан, коюу түтүн болуп кетти. Борбордун аймагында ачык өрт болгон эмес. Абал өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин, тагыраагы, 5-10 мүнөттүн ичинде жөнгө салынды", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, имараттагылар эвакуацияланган, жабыркагандар болгон эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости