www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өрт өчүрүүчүлөр "Вефа" соода борборундагы өрттү локализациялоого жетишти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча өрттүн аянты 20 чарчы метрди түздү.

"Жабыркагандар жок жана соода борборундагы адамдар коопсуз жайга көчүрүлдү. Соода борбордун 3-кабатында жайгашкан "Хузур" кафесинин 15 чарчы метр аба желдеткичи жана балдар ойной турган аянтчасы күйдү. Тилсиз жоо 14:13тө чектөөгө алынып, 14:46да толук өчүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости