www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Төрт орусиялык олигарх – Алишер Усманов, Роман Абрамович, Михаил Фридман жана Петр Авен Евробиримдик киргизген санкцияларды жокко чыгаруу өтүнүчү менен Европа сотуна кайрылды.
Wall Street Journal гезити Евробиримдик ар бир олиграхтын арызын өз-өзүнчө карай турганын белгилеген.
Басылманын маалыматына караганда, Алишер Усманов жана анын карындашы Гүлбахор Исмаилова санкцияны жокко чыгаруудан тышкары ЕБдан 20 миң доллар өлчөмдө соттук чыгымдарды төлөп берүүнү да талап кылууда.
The Wall Street Journal жазгандай, Усманов арызы сотто тез каралышына аракет жасоодо. Маалыматка караганда, Усманов муну санкциядан улам бир нече коммерциялык келишимдер жокко чыгарылганы, анын кесепетинен үч компаниясы банкрот болуу алдында турганы менен түшүндүргөн. Бирок өткөн айда сот Усмановдун өтүнүчүн канааттандырган эмес.
Улуу Британия ТИМинин маалыматына караганда, мартта Алишер Усманов санкциялык тизмеге киргизилгенден кийин ал активдеринин бир бөлүгүн карындашы Гүлбахор Исмаиловага берген. Исмаилова "Дилбар" яхтасынын жалгыз ээси да болуп эсептелет.
Исамилованын Улуу Британиядагы бардык активдери тоңдурулган, анын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынган. Гүлбахор Исмаиловага Ташкенттеги Федорович атындагы Клиникалык санаториянын 82,1 % акциясы да таандык.
8-апрелде Еврокеңеш санкциялык тизмеге Алишер Усмановдун дагы бир карындашы Саодат Нарзиеваны да киргизген. Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борбору (OCCRP) Нарзиеванын швейцариядык банктарда 2 миллион доллардан ашуун акчасы бар экенин жазышкан.
Орусия Украинага басып киргенден кийин Улуу Британия Москвага каршы бир нече санкциялар топтомун киргизген. Аларга ылайык, Владимир Путин, Сергей Лавров, миллиардер Роман Абрамович, "Роснефттин" директорлор кеңешинин төрагасы Игорь Сечин, "Газпромдун" директорлор кеңешинин төрагасы Алексей Миллер жана Путин менен Лавровдун кыздары чектөөлөргө кабылган.
Булак: NazarNews.kg