www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Екатеринбург шаарынын тургуну Полина Фетисова 13 жашында төрөп социалдык тармактарда элге таанылды. Төрөттөн кийин ал видеоблог ачып, анын баракчасын миллиондогон көрүүчүлөр карап жатат. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты.

Мааалымат боюнча, Полина боюнда бар экенин билгенден кийин мектеп окуучулары анын дарегине жаман сөздөрдү айтып, психикасын бузбаш үчүн үйдө окуй турган болгон. Кыздын жакын курбулары андан бурулуп кетишкен.

 Өспүрүм мындай жаш курагында кызын төрөп алганына өкүнбөйт. Наристенин атасы Полинадан баланы алдырып салгын деп талап кылган. Бирок, ал баланы алдырбай койгонун билгенде үй-бүлөсү жана достору менен кызды басынтып башташкан. Ошондой эле ал кызды мектеп окуучуларынын көзүнчө “жеңил ойлуу кыз” деп айткан.

Полинанын ата-энеси кызынын кош бойлуу экенин анын ичиндеги балага 8 ай болуп калганда гана билишкен. Төрөттөн бир жыл өткөндөн кийин жаш эне өзүнүн жашоосу тууралуу интернеттен бөлүшкөн. Үч айдан кийин YouTube каналын жана Инстаграмм баракчасын ачкан. Учурда анын 100 миң катталуучусу бар.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости