www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-мартта өлкөдө 14 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоого карата үгүттөө иштери башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Үгүт иштери 8-апрелде саат 8:00дө аяктайт. Ал эми айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо 9-апрелде өтөт.

Учурда айылдык кеңештин депутаттыгына жалпысынан 470 талапкер катталды.

Кайсы айылдык кеңештердин депутаттары шайланат?

Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек, Көк-Ой айылдык кеңештерине;

Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдык кеңештерине;

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешине, Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешине, Ноокат районунун Исанов айылдык кеңешине, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешине;

Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык кеңештерине;

Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешине, Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешине депутаттар шайланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости