www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Bloombergдин жазганына караганда "жакында эле терроризм менен күрөшүү боюнча катаал мыйзам кабыл алган Түркия скандинав өлкөсүнүн альянска мүчө болуу үмүтүн таш каптырышы мүмкүн". 

Макаланын авторлору "Швеция Түркияда 1-июндан тартып күчүнө кирген терроризмге каршы күрөшүү мыйзамын ишке ашырууда толук жардам берип, антитүркиялык протесттерди кубалоо менен алдын алуусу керек" экендигин белгилешет.  

Өз кезегинде Швеция терроризмге каршы жаңы мыйзам кабыл алып, макулдашууда каралган өз милдетин так аткарган.  

Буга чейин НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 4-июнь күнү "Швеция ара макулдашылган үч тараптуу меморандумдун алкагында Түркиянын талабын аткарып, альянстын курамына кирүүгө толук укугу бар" экендигин билдирген. Бул үчүн Швеция конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизип, курал-жарактарга эмбаргону алып, Курдистан жумушчу партиясына окшогон күчтөрдү террорист деп тааныгандан тышкары алардын ишмердигине бөгөт коюуга даяр. Бирок, Анкара 4-июнда Түркияда террористтик уюм катары таанылган уюмдардын Стокгольмдо митинг өткөргөнүнө нааразылыгын билдирген. 

Саясый илимдердин кандидаты Станислав Бышок "Известияга" берген маегинде "мындан ары Швециянын НАТОго киришине тоскоолдук жаратууга Түркиянын принципиалдуу дооматтары жок" деп айткан.   

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен "11-12-июль күндөрү альянстын жетекчилеринин Вильнюстагы жолугушуусунда Швеция НАТОнун мүчөсү болуп калаарына" ишенгендигин жашырбайт.  

Буга чейин Швециянын НАТОго мүчө болуусуна Түркия макулдук бербей келген. Бирок, 2022-жылдын 29-июнунда Анкара, Хельсинки жана Стокгольм Түркиянын терроризмге каршы күрөшүүгө байланыштуу кооптонууларын эске алуу менен меморандум кабыл алышып, кол коюшкан. 

Финляндия менен Швеция 2022-жылдын май айында НАТОго кирүү боюнча расмий арыз менен кайрылышкан. Финляндия 2023-жылдын жазында альянстын мүчөсү болуп кабыл алынган. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости