www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин чет жакасындагы Энесай, Дордой-1 жана Дордой-2 конуштарында 15-ноябрда таза суу болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Анда айтылгандай, аталган үч конушта суу саат 10:00дөн 17:00гө чейин берилбейт.

Маалыматта бул "Энесай" суу кампасы менен шаардагы суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерин жасоого байланыштуу экендиги айтылды. Мэрия элден сууну камдап алууну өтүнүп, жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сураган.

Ошондой эле муниципалитет суу үйлөрдө гана эмес мектеп, бала бакча, медициналык мекеме, өндүрүштүк жана социалдык объектилердин баарында өчүрүлө турганын эскертти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости