www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Режиссёр Актан Арым Кубат тарткан "Эсимде" тасмасы Азия-Тынч океан киноакадемиясынын (APSA) 15-сыйлыктарында калыстар тобунун Гран-присин жеңип, "Мыкты тасма" номинациясына ээ болду. Бул тууралуу продюсер Алтынай Койчуманова билдирди.

Салтанат 11-ноябрда Голд-Костто (Австралия) өттү.

APSA сыйлыгы Азия-Тынч океан аймагындагы 70тен ашуун өлкөнүн өкүлдөрү тарабынан түзүлгөн эң көрүнүктүү эмгектерди баалайт. Сыйлыктарды тапшыруу аземи HOTA (Искусство үйү) маданий борборунда өттү. Иш-чарада «Эң мыкты сценарий» номинациясына талапкер болгон сценарийдин автору Дальмира Тилепбергенова тарабынан «Эсимде» тасмасы тартууланды.

«Голд-Кост алтын жээгинде, Австралияда өткөн абройлуу фестивалда APSA Азия-Тынч океан киноакадемиясынын форумунда биздин «Эсимде» тасмасы эң мыкты жеңүүчү аталды! Жалпысынан бардык номинациялар боюнча калыстар тобу тасмага Гран-при берүүнү чечти! Актанды жана жалпы топту куттуктайбыз!” – деп өз таасирлери менен бөлүштү.

Последние новости