www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев соттордун кошумча төлөмдөрүн кыскартуу жөнүндө колдоого арзыган жакшы мыйзам долбоорун демилгелеп жатат. 

Тактап айтканда, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамдын долбоору биринчи окуудан өттү.

Эми буюрса мыйзам долбоору экинчи-үчүнчү окуудан өтүп кабыл алынса, мыйзамдын баарына бирдей экенине аз да болсо ишеним жаралат.

Дегенибиз, Токторбаев сунуштап жаткан мыйзам долбооруна ылайык, соттор кайтыш болгондо үй-бүлөсүнө, же ыйгарым укуктарын токтотуп пенсияга чыкканда бир жолу төлөнүп берилчү жөлөкпул берилбейт. Мына муну теңдик  дейт. 

Эл өкүлү Жеңиш Токторбаевдин айтуусу боюнча учурдагы соттор үчүн жазылган Конституциялык мыйзамга ылайык сотторго төмөнкүдөй кепилдиктер каралган:

 — Мамлекет үйү жок сотторго, ижара турган үйүнүн каражаты төлөп берет. Ооруп калышса дарыланганга кеткен чыгым төлөнүп берилет, ошол эле кезде ишке чыкпаса дагы эмгек акысы сакталат. 

— Сот болуп иштеп жатканда каза болсо анын үй-бүлөсүнө, сот тармагында 15 жылдан ашык иштеп ыйгарым укуктарын токтоткон учурда, соңку кызмат ордунда алган айлыгынын бир жылдык толук өлчөмүнө ылайык кенемте жөлөкпул төлөнүп берилет. 

Буга байланыштуу Токторбаев төмөнкү жагдайды мисалга тартты:
"Мисалы, 25 жыл иштеген сот жаш курагы пенсияга чыгууга жеткенине байланыштуу ыйгарым укуктарын токтотсо, анын акыркы айлыгы 80 миң сом болсо, бир жылдык маянасы 960 миңди түзөт экен. Аны 25 жылга көбөйткөндө, 24 миллион сом сот отставкага кеткенде мамлекет төлөп берет. 
Мына 2022-жылга чейин 151 сот пенсияга чыгып, ар бир сотко 26 миллион 191 миң сомдон 257 миллион сом төлөнүп берилген. Ошондо орточо эсеп менен пенсия 5 миң сом болсо, 51 миң 910 жараныбыз пенсия алмак экен. Болбосо бул акчага бери жагы 2 мектеп, же 6-7 бала бакча курулмак экен",-деп билдирди. 

Ошондой эле, эл өкүлү өз сөзүндө: "Мен сот болгон жарды, кембагалды көргөн жокмун. Ал өмүр бою сот болуп иштеп, казы карта, чучук жеп, жылуу кабинет, жумшак машинада жүргөн кишиге пенсиясынан тышкары дагы кошумча олчойгон акча төлөп, алпештеп багышыбыз керек. Өмүр бою кетмен чапкан чор таман дыйкан, 5 миң сом алат. Теңдик жок болуп жатпайбы?.. Эгер соттор ишине ыраазы эмес болушса, ден соолуктарына зыян келип жатса, арыз жазып иштен кетип калса жакшы болот...", - деп кошумчалады...

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес

Булак: NazarNews.kg

Последние новости