www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санкт-Петербургда Приморское шоссесинде "Лахта-Центр" курулуш борборунун аймагында эмгек мигранттарынын массалык мушташы катталды. Бул тууралуу орусиянын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя 3-июнда болуп, массалык мушташка катышты делген 380 мигрант полиция бөлүмүнө жеткирилген. Азырынча мушташ эмне чебептен келип чыкканы белгисиз. 

Видеодо көрүнгөндөй мушташ учурунда муштум гана эмес, таш, арматуралар колдонулган.

"Натыйжада Кыргызстандын бир жараны ооруканага жеткирилген. Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардан кийин мушташты уюштурган 4 мигрант аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Полиция уюштуруучулардын төртөө тең кыргыз жараны жана баары бир курулуш аянтчасында иштегенин билдирген. Кармалган башка мигранттар тууралуу маалымат берилген эмес.

"Известия" басылмасынын маалыматына караганда, массалык мушташтын себеби бекер тамак-аш болушу мүмкүн. Мушташ катталган аймакта мыйзамсыз тамак-аш сатуу уюштурулгандыктан, полиция кызматкерлери келип иш-аракеттерин токтотушкан. Мындан улам жумушчулар такмак-ашты бекер алып кетүүгө аракет кылышканы айтылат. 

Белгилей кетсек, "Лахта-Центр" курулуш борборунун инвестору "Газпромнефть Чыгыш-Европалык долбоору". Курулушта миңдеген Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстандын жарандары иштешет.

Булак: NazarNews.kg

 


 

Последние новости