www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16-августта бир катар көчөлөрдө кыймыл чектелет

Эртең, 16-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярдануу иштерине байланыштуу “Бишкек Арена” стадиону тараптагы бир катар көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Мэриядан билдиришкендей, чектөө саат 11:00дөн 19:00гө чейин болот.

Убактылуу чектөөлөр киргизиле турган көчөлөр:

* Аалы Токомбаев проспектиси — Чортеков көчөсүнөн Барпы Алыкулов көчөсүнө чейинки аралыкта;

* Д. Күйүкова көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Махатма Ганди көчөсүнө (мурунку Муромская көчөсү) чейинки аралыкта;

* Эр-Тайлак көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейинки аралыкта.

Чектөөлөр ачылыш аземинин даярдануу иштерин тоскоолдуксуз өткөрүү максатында киргизилет.

Мэрия тургундардан жана борбор калаанын конокторунан каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча альтернативдүү жолдорду тандап, жол кырдаалындагы мүмкүн болгон өзгөрүүлөрдү эске алууну өтүнөт.

Последние новости