www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр 87 жаштагы бейтаптын жүрөгүнө операция жасады

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов инфаркт болгон 87 жаштагы аялга операция жасады.

Министрлик билдиргендей, окуя 14-августта Улуттук кардиология жана терапия борборунда болгон. Дамир Осмонов борбордогу оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып жатканда, оор абалда инфаркт болгон аял ооруканага жеткирилген. Бейтапка тез арада операция жасоо зарыл болгон. Осмонов дарылоону уюштурууга катышып, жүрөк кан тамырына стент койгон.

Бейтапка операция “ОИМ 24/7” программасынын алкагында акысыз жасалган.

Последние новости