www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын Кара деңиздеги портторундагы логистикалык көйгөйлөр өлкөнүн айыл чарбасына жана экономикасына олуттуу сокку урушу мүмкүн. Бул тууралуу Reuters жазды.
Басылманын маалыматына караганда, быйыл түшүм жакшы болгону менен фермерлер продукциясын экспорттоодо кыйынчылыкка туш болууда. Бул кийинки жылдагы айдап-себүү иштерине да терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Украинанын айыл чарбасы өлкөнүн экспорттук кирешесинин болжол менен 60 пайызын түзөт. Ошондуктан порттордун ишиндеги үзгүлтүк экономикалык абалды дагы оорлотушу мүмкүн.
Буга чейин украин тарап портторго кемелердин кирүүсү токтогонун билдирген. Ошондой эле Кара деңиздеги көйгөйлөрдөн улам Украина–Польша чек арасында миңдеген жүк ташуучу унаалардын кезеги пайда болгону айтылган.
Айыл чарба продукциясынын экспорту 2026–2027-жылдары порттордогу кыйынчылыктардан улам эки эсеге чейин кыскарышы мүмкүн.