www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин репетициясына байланыштуу 16-августта айрым көчөлөрдө автоунаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Маалыматка ылайык, чектөө саат 11:00дөн 19:00гө чейин «Бишкек Арена» стадионунда өтө турган репетицияга байланыштуу колдонулат.
Кыймыл төмөнкү тилкелерде чектелет:
Аалы Токомбаев проспектиси — Чортеков көчөсүнөн Барпы Алыкулов көчөсүнө чейин;
Д. Күйүкова көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Махатма Ганди көчөсүнө чейин;
Эр-Тайлак көчөсү — Чортеков көчөсүнөн Арча-Бешик көчөсүнө чейин.
Чектөөлөр иш-чаранын катышуучулары менен конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу жана ачылыш аземинин репетициясын тоскоолдуксуз өткөрүү максатында киргизилүүдө.
Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана конокторун каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүн болушунча альтернативдүү жолдорду тандоого чакырды.
Ошондой эле айдоочулардан жол кыймылынын өзгөрүшүн эске алып, убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылуу суралды.