www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков Орто-Токой ГЭСине барып, станцияны ишке киргизүүгө даярдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Министрге пусконаладка жана сыноо иштеринин жүрүшү, ошондой эле ГЭСтин негизги жана көмөкчү жабдууларын ишке киргизүүгө даярдоо боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.
Учурда «Чакан ГЭС» ААКнын адистери China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясынын өкүлдөрү менен биргеликте станциянын генераторлорун жана көмөкчү жабдууларын ар кандай иштөө режимдеринде сыноодон өткөрүп жатышат.
Мындан тышкары, көзөмөлдөө жана башкаруу системалары, ошондой эле релелик коргоо түзүлүштөрү жөнгө салынууда.
Ошондой эле Орто-Токой ГЭСинин 110 кВ аба электр берүү линиясын «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын электр тармактарына кошуу иштери аяктаганы белгиленди.
Аталган линия 110 кВ «Ысык-Көл — Кочкор» электр берүү линиясына туташтырылды.
Пусконаладка жана сыноо иштери толук аяктап, ГЭС пайдаланууга берилгенден кийин өндүрүлгөн электр энергиясы өлкөнүн бирдиктүү энергетикалык системасына берилет.
Иш сапардын жүрүшүндө Алтынбек Рысбеков аткарылып жаткан иштерди өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Маалымат үчүн: Орто-Токой ГЭСинин кубаттуулугу 21 МВт. Станция Ысык-Көл облусундагы Орто-Токой суу сактагычында жайгашкан. Долбоордун алкагында 110 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзүлүш жана 110 кВ аба электр берүү линиясы курулуп, кубаттуулугу 25 МВА болгон күч трансформатору орнотулган.