www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Жапония парламентинин Өкүлдөр палатасынын депутаты, тышкы иштер боюнча парламенттик вице-министр Арфия Эрини кабыл алды.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин Жапония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров да катышты.

Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы эки тараптуу байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Марлен Маматалиев кыргыз тарап өз ара ишенимге жана урмат-сыйга негизделген кыргыз-жапон мамилелерин жогору баалай турганын белгиледи. Анын айтымында, эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштары бекемделип, билим берүү, саламаттык сактоо, технология жана маданият тармактарындагы кызматташтык да өнүгүп жатат.

Төрага 2025-жылы президент Садыр Жапаровдун Жапонияга жасаган расмий сапары жана «Борбордук Азия + Жапония» диалогунун биринчи саммитине катышуусу кыргыз-жапон байланыштарын чыңдоодогу маанилүү кадам болгонун белгиледи.

Ошондой эле парламенттер аралык байланыштарды күчөтүү, депутаттардын өз ара сапарларын активдештирүү жана мыйзам чыгаруу тажрыйбасы менен алмашууну улантуу зарылдыгын айтты.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Жапониянын соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, бул багытта эки тараптуу эл аралык келишимдерди ратификациялоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Өз кезегинде Арфия Эри Кыргызстан менен Жапониянын парламенттер аралык байланыштарын мындан ары бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирип, жапон тарап өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү диалогду улантып, кыргыз-жапон кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Последние новости