www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында жарандык никедеги күйөөсүнүн өлүмүн алгач өзүнө өзү кол салуу катары көрсөткөн аял адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 4-августунда Ош ШИИБдин 102 кызматына аял киши телефон чалып, жарандык никедеги күйөөсү өзүнө өзү кол салып каза болгонун билдирген.
Окуя болгон жерге — Ош шаарынын У.Салиева көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине милициянын жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу барып, териштирүү иштерин баштаган. Маркумдун жарандык никедеги жубайы, 1985-жылы туулган аял, күйөөсү мас абалында жашоодон тажап кеткенин айтып, ашканадагы бычак менен өзүнө өзү бир нече жолу жаракат келтиргенин билдирген. Натыйжада 1989-жылы туулган эркек киши окуя болгон жерде каза болгон.
Бирок тергөөчүлөрдүн айтымында, маркумдун денесиндеги жаракаттардын мүнөзү, аялдын көрсөтмөлөрүндөгү карама-каршылыктар жана анын мурдагы соттуулугу окуянын башкача болгонун божомолдоого негиз берген.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аял өз көрсөтмөсүн өзгөртүп, жарандык никедеги күйөөсү менен спирт ичимдиктерин ичип отурганда ортодо жаңжал чыкканын билдирген. Анын айтымында, уруш учурунда өзүн кармай албай, дасторкондогу аш бычак менен эркектин моюн тарабына сайып жиберген. Ал алган жаракатынан улам окуя болгон жерде көз жумган.
Шектүү кылмыш жоопкерчилигинен коркуп, окуяны өзүнө өзү кол салуу катары көрсөтүүгө аракет кылганын да мойнуна алган.
Учурда аял Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.