www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-августта, Кыргызстанда күн ысык болот. Айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Маалыматка ылайык, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында, Талас жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзүп, күндүз айрым жерлерде 15–20 метрге чейин күчөшү мүмкүн.
Аймактар боюнча абанын температурасы:
Бишкек шаарында түнкүсүн +20…+22°C, күндүз +32…+34°C болушу күтүлөт.