www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Тон районунда курулуп жаткан Аквакультура жана балык өстүрүү регионалдык борборунун курулушун аяктоо жана аны ишке киргизүүгө даярдык маселелери талкууланды.
Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинин өкүлдөрү менен Корея Республикасынын Корея деңиз институтунун директору Жо Жоңхи жана институттун өкүлдөрүнүн жолугушуусунда белгилүү болду.
Жолугушууга министрликтин Мал чарбасы, ветеринария, жайыт жана тоют башкармалыгынын башчысы М. Каландаров, Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн кызматкери Н. Бекназарова, Укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн кызматкери С. Камаев жана «Дрим Хаус» ЖЧКсынын жетекчилиги катышты.
Тараптар борбордун курулуш иштеринин аяктоо этабын, расмий ачылышка даярдыкты жана мыйзам талаптарына ылайык зарыл документтерди толуктоо маселелерин карашты.
Тиешелүү документтер даярдалып, белгиленген талаптар аткарылгандан кийин объектти кабыл алуу боюнча тиешелүү иш-чараларды баштоо пландалууда.
Аталган борбор аквакультура жана балык өстүрүү тармагын өнүктүрүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө жана Кыргызстан менен Кореянын бул багыттагы кызматташтыгын чыңдоого багытталган.