www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
17-февралда Улуу Британиядагы сезондук айыл чарба жумуштарына «HOPS Labour Solutions Ltd» (HOPS) оператору аркылуу онлайн каттоо ачылат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору маалымдады.
Онлайн каттоо 2025-жылдын 17-февралында Бишкек убактысы боюнча саат 15:00 - 19:00 чейин ачылат.
Онлайн тестирлөө «HOPS» оператору тарабынан 2025-жылдын 21-23-февралында өткөрүлөт. Тестирлөөнүн деталдары тандалып алынган талапкерлерге электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул үчүн почтаны, анын ичинде «спам» папкасын текшерип туруу керек.
Офлайн маектешүү «НОРЅ» өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлөт. Эгерде онлайн тестирлөөдөн кийин офлайн маектешүүгө чакыруу келбесе, анда жаран тесттен өтпөй калган болот.
Катышуучулар үчүн талаптар:
18 жаштан жогору;
- орус тилин жакшы деңгээлде билүү;
- канааттандырарлык физикалык жана психологиялык абал.
Иштөө шарттары:
сааттык эмгек акы 11.44 фунт стерлинг;
- кепилденген жумуш убактысы – жумасына 32 саат;
виза төлөмү - 298 фунт стерлинг.
Сезондук жумуш программасы боюнча ишке орношуу - толугу менен акысыз.