www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

17 тоннадан ашык кургатылган жемиштердин контрабандасы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 14-апрелинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмү (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Баткен райондук сотунун санкциясынын негизинде, КР УКМК чек ара кызматы менен биргеликте, Баткен районунда жайгашкан «Н.М.А.» таандык жеке жайына тинтүү жүргүзүлдү.

«Тинтүү учурунда Ош облусунун тургуну «Ю.С.Э» аттуу жарандын башкаруусундагы «Volvo-FN» жүк ташуучу унаа кармалып, ичинен жалпы салмагы 17 тоннадан ашык кургатылган жемиштер табылган.

Такталгандай, кургатылган мөмө-жемиштер мамлекеттик чек арадан сырткары жерлер аркылуу коңшу мамлекеттен Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз киргизилгендиги аныкталды. Аталган унаа жүгү менен тергөө иш-аракеттери аяктаганга чейин КР УКМКнын «Достук» чек ара постуна жеткирилип, сактоого өткөрүлүп берилди», - деп айтылат маалыматта.

Учурда бул иш боюнча фактылык жагдайларды жана актыга катышкан адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости